Дональд Трамп Лас-Вегастагы окуяга байланыштуу кайрылуу жасады

779

АКШнын президенти Дональд Трамп Лас-Вегас шаарындагы окуяга байланыштуу дүйшөмбүдө калкка кайрылуу жасады. Жекшембиде кантри музыкасынын фестивалына чогулган адамдарга мейманкананын 32-кабатынан куралчан адам ок чыгарып, жыйынтыгында 50дөн ашык киши өлгөн.

Маалыматка караганда, полиция ал адамды атып өлтүрүп, аны 64 жаштагы Стивен Паддок деп атаган. Трамп полициячылардын аракетине жогорку баасын берип, алардын «укмуштуудай» реакциясын белгиледи.

Аза күтүү белгиси катары президент бардык мамлекеттик желектерди төмөн түшүрүү буйругун берди. Дүйшөмбүдө Трамп «Твиттер» аркылуу каза болгондор жана жаракат алгандардын туугандарына көңүл айткан.