Дөңгөлөгү жарылып кеткен унаа беш жолу аласалып үч адам каза тапты

831

Алай районунда жүрүп бараткан машинанын дөңгөлөгү жарылып, унаа беш жолу аласалып үч адам каза тапты. Окуя кечээ эртең менен Талды-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында катталган.

Маалыматтарга караганда, машинанын дөңгөлөгү жарылып кеткенде, айдоочу унааны башкара албай калган. Кырсыктын кесепетинен, анын ата-энеси жана бир жүргүнчү аял мерт кеткен. Ал эми айдоочу менен кошо унаадагы 3 киши ооруканага жеткирилген.