«Дөө Чыңгыз» каймана аты менен таанымал Чыңгыз Жумагулов кармалды

2672

Криминалдык чөйрөдө “Дөө Чыңгыз” каймана аты менен таанымал Чыңгыз Жумагулов кармалып, милицияда сурак берди. Тартип сакчылардын айтымында, Чыңгыз Жумагулов Бишкектеги Исанов көчөсүндөгү батирлердин биринен кармалган.

Буга чейин анын жанында жүргөн Чүй областынын 2 тургуну кармалган. Маалымат боюнча экөө тең — уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү. Мурда бир нече жолу соттолушкан.

2 күн мурда Бишкектеги №2-төрөт үйүнүн жанына катуу сабалып, эс-учун жоготкон абалда 2 адам жеткирилген. Аларды белгисиз бирөөлөр таштап кеткен. Жабырлануучулардын бири 45, экинчиси 36 жашта экени аныкталган. Экөө тең жандандыруу бөлүмүнөн каза болгон.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.