«Дөө Чыңгыз» мунапыс менен эркиндикке чыкты (видео)

2307

Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү делген Чыңгыз Жумагулов эркиндикке чыкты. Жазаларды аткаруу кызматынын маалыматы боюнча, ал сот чегерген мөөнөттүн жарымын гана өтөп, мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Мындай чечимге криминалдык дүйнөдө Дөө Чыңгыз деген каймана ат менен таанымал адамга карата колдонулган мунапыс жана анын түрмөдөгү жакшы жүрүм-туруму түрткү болуптур. Бирок оор кылмыштарга айыпталып он сегиз жылдык жаза мөөнөтү берилген криминалдык төбөлдүн бир жарым жыл ичинде бошотулушу коомчулукта таң калууну жаратууда. Анын үстүнө, өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтор баш көтөрүп жатат деп байма-бай айтылып жаткан учурда, Чыңгыз Жумагуловдун эркиндикке чыгышы абалды ого бетер курчутуп койгондой болду.