Дооронбек Садырбаевдин кино жумалыгы (видео)

826

Бишкекте таланттуу кинорежиссер, жазуучу, Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргыз Эл баатыры Дооронбек Садырбаевдин тасмаларынын жумалыгы башталды. Ал Кино үйүндө өтүп, алгач эле таланттуу режиссердун «Арман» аттуу тасмасы коюлду. Анда Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жападан жалгыз уулунан айрылган Чодрон карыянын өмүрү баяндалат.

Уюштуруучулар Кыргыз ССРнин маданиятына эмгек сиңирген ишмер, атамекендик кинемотографиянын калыптануу жана өнүгүү тарыхында ысымы түбөлүккө калган инсан Дооронбек Садырбаевдин тасмаларынын жумалыгы өлкөнүн бардык аймактарында өтөрүн билдиришти. Кино үйүндө Дооронбек Садырбаевдин дагы бир кеңири белгилүү эмгеги, “Махабат дастаны” тасмасы көрсөтүлөт.