Дооронбек Садырбаевдин китебинин бет ачары өттү (видео)

1195

Белгилүү кинорежиссёр, саясий ишмер Дооронбек Садырбаевдин арабыздан кеткенине 10 жыл өттү. Бүгүн Бишкекте залкар инсандын туулган күнүнө карата эскерүү кечеси болду. Анда автордун «Даанышман» деп аталган беш томдук китебинин бет ачары өттү. Медициналык окуу жайга тапшырып, бирок доктурлуктан баш тартып, кино дүйнөсүнө аралашкан Дооронбек Садырбаев 70тен ашык даректүү тасма, 16 көркөм фильм жараткан. Ал саясатка да аралашып, 1995-жылдан 2008-жылга чейин Жогорку Кеңештин үч жолку депутаты болуп, ачуу чындыкты ачык айтканы менен айырмаланган. Кыргыз эл баатыры, Кыргыз эл артисти Дооронбек Садырбаев 2008-жылы узакка созулган оорудан улам көз жумган.