Дордой-2 конушунда коомдук транспорт маселеси качан чечилет? (видео)

6928

Бишкектин четиндеги Дордой-2 конушунун тургундары коомдук транспорт маселеси менен шаар мэри Айбек Жунушалиевге кайрылышууда. Айтымдарында, бул конушта же автобус, же маршруттук таксилер каттабагандыктан, тургундар 2 чакырым жол басып транспортко түшүп кетүүгө аргасыз.

Бирок ордо калаанын чок ортосундагы көйгөйлөр чечилбей жатканда ал жакка кезек жетеби деген суроо жаралбай койбойт. Себеби көпчүлүк бишкектиктер жумуштарына өз убагында бара албай убара тартышты.