«Дордой» базарында соодагерлерге арналган эстелик тургузулду

1217

90-жылдары Кыргызстандын экономикасынын бутуна туруусуна көмөктөшкөн соодагерлерге арналып эстелик тургузулду. Көпчүлүккө таанымал «чатыраш баштыктары» менен отурган 3 соодагердин колодон жасалган айкели, Борбор Азиядагы эң ири базар болгон «Дордой» соода комплексинин кире беришине орнотулган.

Дал ушул соодагерлердин эмгеги менен башкы аянты бир жарым эле гектарды түзгөн базар, учурда Кытай, Азия, Европа жана КМШ өлкөлөрүнүн товар айлантуу, реэкспорт жасоодогу ири соода-логистикалык борборуна айланып отурат.

Учурда базар 200 миңден ашуун адамды жумуш менен камсыз кылып, ага күнүнө жарым миллионго жакын кардар келип, кетет. Ал эми бюджетке төлөгөн каражаттары жагынан базар Кумтөрдөн кем калышпайт.

Буга кошумча, Дордой соода-сатык жайы дүйнөлүк 10 базардын катарына кирет. Ал эми «эмгекчил соодагер» монументи болсо, рыноктун түптөлгөнүнүн 27 жылдыгына арналды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.