Дордой уулуу кийимдер боюнча үн катты (видео)

848

Казакстанда аныкталган уулуу кийимдер Кыргызстанда тигилгени күмөн. Бул тууралуу «Жеңил өнөр жай» ассоциациясынын жетекчиси билдирди. Анын айтымында, бул жакта өндүрүлгөн товарлар сертификатсыз башка өлкөгө чыгарылбайт. Буга чейин Кыргызстанда даярдалган кийим-кечелердин сапаты боюнча бир дагы мамлекеттен даттануу түшкөн эмес. Андыктан формальдегид көп өлчөмдө табылган кийимдер Кытайдан келиши мүмкүн деген пикирлер арбын. Казакстанга дүңүнөн товар жөнөткөн Дордой базарынын жетекчилиги дагы балдар кийиминен уулуу зат аныкталды деген маалыматты кара пиар деп эсептейт.