Дордойдо чөнтөкчүлөрдүн көбөйүшүнө милиция күнөөлүүбү? (видео)

991

Ички иштер министринин орун басары милиция кызматкерлеринен акча опузалап жатат деген маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Кечээ күнү айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында «Дордой» базарындагы коопсуздук үчүн жооп берген 11-милиция бөлүмүнүн кызматкерлери министрге, жетекчилери маал-маалы менен акча талап кылып жатканына арызданганы кабарланган. Ал ортодо, «Дордой» базарынын сатуучулары тартип сакчылары өздөрү ууруулар менен чөнтөкчүлөрдү тазалоого кызыкдар эмес экенин айтышууда. Мындан улам, акыркы 1,5 жылдын ичинде аймакта кылмыштуулук өсүп кеткен.