Дордойдо иштеген соодаргерлердин жүгү Кытайдан келди (видео)

1421

Кытайдан Кыргызстанга алгачкы жолу контейнердик поезд келди. Поезд Үрүмчү шаарынан чыгып, өлкөгө Казакстан аркылуу 5 күн дегенде келип жетти. Анда жалпысынан 800 тонна жүк салынган. Товардын көбү «Дордой» базарында иштеп, жарым жылдап буйрутмаларын кошуна өлкөдөн ала албай жаткан соодагерлердики.

Пандемия кесепетинен улам Кытай Кыргызстанга кирүүчү унаалардын санын бир кыйла чектеген болчу. Ага ылайык, мурда күнүнө 300гө чукул жүк ташыган унаа өтүп келсе, азыр алардын саны 10го араң жетүүдө.