Дордойдо соода токтоду (видео)

1436

Дордой базарындагы ишкерлер чек арадагы абалды жөнгө салууга жардам сурап, Казакстандын президенти жана бизнес коомчулугуна кайрылуу жолдошту. Алар буга чейин Кыргызстандын өкмөтүнө да кайрылышкан. Ишкерлердин айтымында, бир жумадан бери базарда соода дээрлик токтоп калды. Адатта күнүнө 10-15 автобус жана ондогон таксилер жүк ташышса, чек арада маселе жаралгандан бери алардын саны 4-5 эсеге азайган. Дордойдон көбүнчө Казакстан менен Россиянын ишкерлери товарларды дүңүнөн сатып алышат. Бирок чек арада көзөмөл күчөгөндөн тарта, соодагерлердин да агымы азайган.