“Дордойдун” соодагерлери жүк ташууну жандантууну өтүнүшүүдө (видео)

1437

Суроо-талап бар, бирок товар жок. “Дордой” базарынын соодагерлери “Торугарт-Эркечтам” өткөрүү пункту аркылуу жүк ташууну жандантууну өтүнүп кайрадан өкмөткө кайрылышты. Алар товардын жетишсиздигинен улам чыгашага учурап жатышканын билдиришүүдө.

Бир тобу буйрутма берген жүктөрүн 1 жылга жакын убактан бери ала албай, насыя алгандары үстөк пайызын төлөй албай кыйналууда. Ал эми өткөн жекшемби күнү темир жол аркылуу Кытайдан ташылып келген 800 тонна жүк болсо, ири базардын бир бөлүгүн гана камсыздаганга жетиптир.