Дордойдун талкаланган жолу (видео)

2184

Айрым конуштун тургундары Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин отставкасын талап кыла башташты. Айтымдарында, ордо калаанын кейпи кетип, мурда жасалган долбоорлордун да таш-талканы чыгууда.

Маселен, Ак-Босого конушунун жашоочулары канализация маселесин чечип берүүнү талап кылышса, шаардыктарды “Дордой” базары менен байланыштырган Келечек 15 көчөсүнүн жолу тамтыгы чыккан. Мындай маселелер байма-бай айтылганы менен аракеттер байкалбайт. Мэр качан иштеп баштайт?