«Достук» аркылуу бир күндө беш миңден ашуун адам өттү

1318

«Достук» аркылуу бир күндө беш миңден ашуун адам өттү. андан тышкары 300дөн ашуун автоунаа Өзбекстандан Кыргызстанга, Кыргызстандан Өзбекстанга өткөн. Бул тууралуу БУУнун Кылмыштуулукка жана маңзатка каршы күрөшүү башкармалыгынын эл аралык координатору Юсуф Курбонов билдирди.

Анын айтымында, 13-сентябрда Улуттар Уюмунун көмөгү менен кыргыз-өзбек чек арасындагы аталган бекетте эки өлкөнүн тартип коргоо органдарынын кызматкерлери жолугуп, кылмыштуулукка каршы чогуу күрөшүү аракеттерин талкуулап жатышат. Улуттар Уюмунун көмөгү менен «Достук» бекетинде чектеш аймактардын кызматташтыгына арналган атайын кеңсе ачылган.

Ушундай эле кеңсе Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак-Жол — Кордай» бекетинде да ачылууда. БУУнун сунушу жана көмөгү менен аталган чек ара бекетинде эки тарапка өткөн жарандарды, автоунааларды тейлөөчү чек ара кызматкерлеринин саны көбөйгөн. Юсуф Курбоновдун маалыматы боюнча, алардын биргелешип аракеттенүүсү чек ара аркылуу маңзат, адам сатуу, коррупцияны алдын алууну максат кылат. «Достук» бекети Оштун Кара-Суу районунда жайгашкан. Ал жөө адамдар жана автоунаалардын өтүүсү үчүн 5-сентябрь күнү расмий ачылды. 6-сентябрдан тарта күнүнө 2,5 миңдей киши өтүп жатканын Кыргызстандын Чек ара кызматы да ырастаган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда 14 чек ара бекети бар. Анын ичинен 11и автоунаа жана жөө адамдар өтүүчү, төртөө темир жол бекети. Чек ара бекеттери 2005-жылкы март окуясы, Анжиян коогалаңынан кийин Өзбекстан тараптан бир жактуу жабылып, өтүү катаалданган. 2010-жылкы апрель, июнь окуяларынан соң өзбек өкмөтү Кыргызстандан келүүчүлөр үчүн чакыруу кагаз жана телеграмма талап кылган тартип киргизген.