«Достук» бекетиндеги кезек күтүү маселеси чечилеби? (видео)

685

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы «Достук» бекетинде аскер кызматкерлери ары-бери өткөн жарандарды тейлеп жетишпей жатышат. Бул жакта көптөн бери кезек күткөндөрдүн катары суюлбай келет. Учурда суткасына 12 миңге чейин жаран өтүүдө. Алардын паспортун текшерүү үчүн 5 терезе иштетилип жатат. Бирок «Достук» бекети суткасына 7 миңге жакын адамды тейлөөгө гана ылайыкталган. Кыргызстан менен Өзбекстандын алакасы жакшыргандан бери өткөрмө пункту аркылуу товар ташыган ишкерлер дагы көбөйгөн. Ошондой эле, тургундар тууган-уруктарына байма-бай каттап жаткандыктан, узакка кезек күтүүлөр болуп жатат, дейт чек арачылар.