«Достук» өткөрмө бекетинде кайрадан узун кезек пайда болду

695

Ош областындагы «Достук» өткөрмө бекетинде кайрадан узун кезек пайда болду. Таң эрте бул жерге жүздөгөн адам чогулуп, кыргыз-өзбек чек арасынан өтүү бир нече саатка кыйындаган. Мамлекеттик чек ара кызматы мындай тыгын дем алыш күндөрүндө гана болоорун билдирип, бул убактылуу көрүнүш экенин билдирди.

Ошондой эле, кирип-чыккан жарандардын паспортторун текшерүү кадимки режимде жүрүп жатканы маалым болду. Учурда кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” бекетинде 13 кабина иштеп жатат. 25 күндүн ичинде дагы 16 кабина коюлат, дешет мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү.

Эске салсак, жакында эле интернетте «Достук» чек ара бекетиндеги көп адам кезек күтүп турганы тартылган видео тараган. Анда кезек күтүп тажагандар өткөрмө жайдан күч менен өтүүгө аракеттенип, натыйжада адамдар жерге кулап, тебелендинде кала жаздаган.