Дубалдары айнек ачык сурак алуу бөлмөлөрү иштей баштады (видео)

1229

Бишкекте милициянын алгачкы ачык сурак алуу бөлмөсу ачылды. Бул долбоор милицияны реформалоонун алкагында ишке ашырылып, кылмышка шектүү адамдардан көрсөтмө алуунун жаңы ыкмасына өтүү аракети болууда. Свердлов райондук Ички иштер башкармалыгында пайда болгон жаңы сурак алуу бөлмөлөрүнүн дубалдары айнектен жасалып, ичинде болуп жаткан кыймыл-аракеттин баары көрүнүп турат.

Ошондой эле, заман талабына ылайык аудио, видеокөзөмөл аппараттары орнотулган. Укук коргоочулар бул аракеттерди жакшы жаңылык катары баалашып, мындай тажрыйбаны өлкөнүн башка милиция бөлүмдөрүндө да жайылтуу керектигин айтышууда.