Дудук баланын ата-энеси изделүүдө (видео)

2681

Продюсер Назгүл Насиева беш күндөн бери багып жаткан баланын ата-энесин табуу үчүн коомчулуктан жардам сурап кайрылууда. Наристе таптакыр укпагандыктан жана сүйлөбөгөндүктөн, өзү жөнүндө маалымат алууга мүмкүн болбой жатыптыр. Буга чейин көргөн, билгендерин жаңсап түшүндүрүп бергенге аракет кылууда.

Ошого таянып дарыгерлер бала үй-бүлөлүк зомбулукка кабыл болушу мүмкүн экендигин айтышууда. Бөбөк Бишкектин Ахунбаев көчөсүнөн 5 ай мурда табылып, атайын борборго жеткирилген. Ал эми продюсер жакында эле ал жактын тарбиялануучуларына белек-бечкек тапшырганы барганда, бала ээрчигендиктен, алып багып турууну чечкен.