Дудук жана дүлөйлөр үчүн кызыктуу видеолорду жараткан блогер (видео)

1173

Сүйлөй албаган жана угуусу начар адамдар менен пикир алышууну үйрөнүүнүн жаңы ыкмасы. 16 жаштагы Садык Казиев музыканын коштоосунда чыгарманы кол жаңсап түшүндүрүп берет. Бул тууралуу видеолорун интернеттеги баракчаларына жүктөйт. Ыр аткаруунун мындай түрү аркылуу угуусу начар адамдар чыгарманын маанисин түшүнүшөт. Дагы бир интернет колдонуучулар өздөрүнүн видео-блогторунда кол жаңсап сүйлөшөт. Анын алдында болсо, алар айткан кептен маанисинин чечмелениши тамгалар менен жазылып турат. Мындай тасмалар сүйлөй албаган адамдар менен түз пикир алышууга көмөк болот.