Дүйнө чемпиону Эрбол Бакиров Кыргызстанга кайтып келди

1848

Грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпиону Эрбол Бакиров Кыргызстанга кайтып келди. Словакияда өткөн ири мелдеште алтын байге алган балбанды бүгүн эртең менен “Манас” эл аралык аэропортунда жакын туугандары, достору жана күйөрмандары тосуп алышты.

Ошондой эле жаштар арасындагы дүйнө биринчилигинде коло медалга ээ болгон Акжол Махмудов да келди. “Манас” аэропортунда спортчуларды 60ка жакын адам Кыргызстандын желектери менен, шаңдуу маанайда тосуп алышты.

21-сентябрда Словакияда өткөн курош боюнча жаштар арасындагы Дуйно чемпионатында — Эрбол Бакиров 63 килограмм салмакта курошуп, финалдык беттеште египеттик Ахмед Мохамедди женген. Ал эми Акжол Махмудов — мелдештин жыйынтыгы менен коло медаль тагынган.