Дүйнө эли Чыңгыз Айтматовду окуйт (видео)

785

«Дүйнө эли Чыңгыз Айтматовду окуйт»! Учурда социалдык тармактарда дал ушундай аталыштагы флешмоб жүрүүдө. Анын негизги максаты — залкар жазуучунун чыгармаларын даңазалоо. Бул акцияга чоң-кичине дебей баардык каалоочулар катышып, алардын саны күн санап өсүүдө. Учурда өзбек, казак, түркмөн, түрк, орус, моңгол жана башка улуттардын өкүлдөрү — Айтматовдун чыгармаларын окуп, видеого тартып, аны социалдык тармактарда жайылтышууда. Иш-чарага катардагы жарандардан тарта, залкар жазуучунун замандаштары болгон театр чеберлери дагы катышууда.