Дүйнө жүзүн велосипед тээп кыдырып жүргөн армениялык саякатчы (видео)

942

Дүйнө жүзүн велосипед тээп кыдырып жүргөн армениялык саякатчы Кыргызстанга жетти. 40 жаштагы Артур Оганян эки күндөн бери Бишкекте эс алууда. Ал саякатка жыл башында аттанып, бүгүнкү күнгө чейин Иран, Түркмөнстан, Казакстанды басып өткөн. Анын планында эми Кытай менен Россия бар. Ал жети жыл мурда да жер кыдырып келген. Бирок анда жалгыз болсо, бул жолу жанында досу бар. Азыркы турун ал элдер ортосундагы ынтымакка арнаган. Саякатчы барган өлкөлөрдө ага сый көрсөтүп, коноктоп узатышууда. Артур Оганян талкаланган жолдорго, ысык-суук күндөргө туруштук берип, алдына койгон максатына жетүүнү көздөйт.