Дүйнөлүк аренаны багындырган кыргыз тасмасы. Эл күткөн премьера (видео)

1738

«Саякбай» тасмасы Кыргызстандык кино сүйүүчүлөрдүн назарына коюлду. Кечээ белгилүү манасчынын өмүр таржымалына арналган фильмдин бет ачары болду. Көркөм кинодо Саякбай Каралаевдин ролун үч актер: Үмөт Болотбек уулу, Бактыбек Нурмат уулу жана Марат Жанталиевдер ойногон. Тасма толугу менен Ысык-Көл жергесинде тартылган. Фильм даяр болоору менен эл аралык сынактарга катышып, жакында эле Монреаль фестивалында баш байгени утуп алды.