Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: салтанаттык кийимдерге 2 млн 380 миң сом бөлүнөт

2299

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучулары үчүн Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекция салтанаттык кийимдерге 2 миллион 380 миң сомго жакын каражат коротот. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы жазып чыкты.

План боюнча, катышуучулар үчүн 138 комплект салтанаттык кийимдер алынат. Алардын ичинен 111и эркектер үчүн, 37си аялдар үчүн. Машыктыруучуларга 30 комплект, ошондой эле уюштуруучу комитетке 80 комплект керектелет.

Алдын ала алынган маалыматка караганда, айымдар үчүн кемсел, узун этектүү көйнөк жана улуттук баш кийим алынат. Спортчу айымдардын кемселдери күрөң түстө, ал эми уюштуруучу комитеттики көгүш түстө болот. Уюштуруу комитеттин эркек мүчөлөрүнө көйнөк, шым жана пиджак тигилет. Спортчулар менен машыктыруучуларга кемсел алынат. Ал эми баардык катышуучуларга ак калпак тигилет.

Эске сала кетсек, спортчулар менен волонтерлордун кийимдерине 3 миллион сом чыгымдалат.