Дүйнөнүн 150 өлкөсүндө Эл аралык музей күнү белгиленди (видео)

2762

Бүгүн дүйнөнүн 150дөн ашык өлкөсүндө Эл аралык музей күнү белгиленүүдө. Бул датага утурлай Михаил Фрунзе атындагы үй-музейинде көргөзмө жана мастер-класстар уюштурулуп, ага бардык каалоочулар баш бага алышты.

Анын алкагында Михаил Фрунзенин 19-кылымдан бери сакталып калган туулуп өскөн үйү, анын ичиндеги эмеректери көрүүчүлөргө тааныштырылып жатты. Ошондой эле «Экология балдардын көзү менен» жана «Таштагы асан-үсөн» аттуу көргөзмөлөр да коюлду. Жыл сайын өткөрүлчү музей күнүн белгилөөгө Кыргызстан 2011-жылы расмий түрдө кошулган.