Дүйнөнүн алдыңкы иллюзионисттери бир сахнада (видео)

700

Эки күндөн кийин дүйнөнүн белгилүү иллюзионисттери Бишкекте бир сахнага чогулушат. Уюштуруучулардын айтымында, шаар тургундары жана коноктору үчүн өзгөчө номерлер даярдалууда. Программада жаныбарды адамга кишини канаттууга айлантуу сымал көпчүлүккө кызыктуу фокустар камтылган. Тогуз өлкөнүн көз боочуларынын башын кошкон иш-чара Борбор Азия боюнча биринчи жолу өткөрүлгөнү жатат. Бул шоу-программага алыскы Америкадан, Африкадан тарта коңшу өлкөлөрдөгү иллюзионисттер катышышат. Азырынча көз боочулар көп номерлерин көрсөтпөй, аларды сыр бойдон кармашууда. Бирок келгендердин бардыгы көргөндөрүнө өтө таң кала турганын айтышууда.