Дүйшөнбек Чоткораев ээлеген кызматынын бошотулду

1079

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын жетекчиси Дүйшөнбек Чоткораев ээлеген кызматынын бошотулду.

Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгону кабарланды. Маалыматка ылайык, Дүйшөнбек Чоткараев өзү берген арызына ылайык кызматынан бошотулган.

Эске салсак, 8-февралда Коопсуздук кеңешинин отуруму болуп өтүп, АКСтин иши катуу сынга алынып, жасаган иши көрүнбөй жатканы айтылган.