Дүйшөнбек Зилалиев айдап жүргөн «Лексус» кытайлык компанияга таандык

757

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев айдап жүргөн «Лексус» автоунаасы кытайлык компанияга таандык. Бул тууралуу «Дело №» гезити жазып чыкты. Маалыматтарга караганда, 1532 ВК мамлекеттик номуру тагылган «Лексус-570» үлгүсүндөгү кара түстөгү машина кытайлык «ТУН-ЛИН» компаниясынын атына жазылган. Жергиликтүү басылма аткаминер менен чет өлкөлүк ишкананы эмне байланыштырат деген суроо коюп, Дүйшөнбек Зилалиев учурунда Минералдык ресурстар агенттигин жетектегенин жана анын убагында кен казууга 3 миңдей лицензия берилгенин эскертет.

Ал арада, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун жетекчиси машинага байланыштуу түшүндүрмө берди. Анын айтымында, жардамчысы ишсиз жүргөндө ушул “Лексус” унаасын алып айдап турган. Дүйшөнбек Зилалиев кызматка дайындалгандан кийин бир жумадай айдап, анан тапшырып беришиптир. Ал эми машина кытайлык компанияга таандык болгонун аткаминер массалык маалымат каражаттарынан билгенин айтат.

Буга чейин ушундай эле окуя мурдагы транспорт министри Замирбек Айдаровго байланыштуу да болгон. Ал дагы кытайлык «Чайна Роуд» компаниясына жазылган кымбат баалуу унааны тээп жүргөнү коомчулукка ачыкталып кеткенден кийин, машинаны ээсине өткөрүп берүүгө аргасыз болгон.