Дүйшөнбек Зилалиев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды

992

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Дүйшөнбек Зилалиев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Анда Зилалиев билдирүү жасап, буга чейин кайсы гана жерде иштебесин ачык жана берилүү менен кызмат кылганын белгилеп, бирок «бомба коюлган» деген маалымат боюнча козголгон кылмыш иште анын аты аталып жатканына байланыштуу, бул иш толук тергелип бүткөнгө чейин иштен кете турганын айткан.

Ошондой эле, бул окуя коомчулукта кызуу талкууга алынып, ага карата массалык жек көрүү жана жаманатты кылуу аракети болуп жатканы да белгиленген. Бул кырдаал анын ар-намысы менен абийирине зыянын тийгизип жактанын кошумчалаган. Мындан тышкары, ал өкмөттү жаманатты кылгысы келбей турганын айткан.

Эске салсак, өлкө президентинин инаугурация күнү жолдо турган курсантка «Лексус» машинесинен белгисиз бирөө жолго бомба коюлганы тууралуу маалымат бергени кабарланган. Кийинчирээк ал унаа Зилалиевдики экени аныкталган. Бирок аткаминер анда курсант кызга формасы тууралуу сын айтып, ал өз кезегинде «бомба» деп угуп алганын айткан.

Мунун негизинде «бомба тууралуу жалган маалымат таратуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Апта башында Дүйшөнбек Зилалиев УКМКга суракка чакырылган.