Дүйшөнбек Зилалиев үч жылга шарттуу кесилди

861

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев үч жылга шарттуу кесилди. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Соттук териштирүү учурунда мамлекеттик айыптоочу Зилалиевди эки жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн. Судья мурдагы вице-премьер-министрди күнөөлүү деп таап, үч жылга шарттуу соттогон. Бирок Зилалиев буга макул эместигин, жогорку инстанцияга кайрылаарын билдирди.

Дүйшөнбек Зилалиев былтыр инаугурация күнү бомба тууралуу жалган маалымат тараткан деп айыпталууда. Бул боюнча УКМКга көчөдө нөөмөттө турган курсант кыз кайрылган. Анын айтымында, Зилалиев жолдо баратып автоунаасын токтотуп, бомба жарылат деп кабарлаган.

Ал эми мурдагы аткаминер курсант аны жакшы түшүнбөй калганын, «формаңды түздө» деп эскертүү гана бергенин айтып келет.