Дүйшөнбек Зилалиев вице-премьер-министрлик кызматтан бошотулду

782

Буга байланыштуу жарлыкка президент кол койду. Маалыматтарга караганда, Зилалиевди кызматтан алуу өтүнүчү менен премьер-министр Сапар Исаков өзү кайрылган. Дүйшөнбек Текшербекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу жумуштан алынганы айтылууда. Ал вице-премьер-министрлик кызматта 3 айдай гана отурду. Бул убакыт ичинде Зилалиев көп жаңжалдуу иштер боюнча элдин эсинде калды.

Шайлоо учурунда республикалык штабды жетектеп туруп, үгүт иштерин жүргүзгөнү үчүн премьер-министрден катуу сөгүш алган. Ошондой эле, ал Лигласс компаниясы менен келишимге кол койгондон кийин, долбоор ишке ашпай калды. Кечээ эле Зилалиев «Кумтөр» кениндеги мөңгүлөрдү жылдырууга уруксат берген «Суу кодексине» өзгөртүү киргизүүнү парламентте коргогон.