Дүйшөнбек Зилалиев жеңил жаза менен кутулабы? (видео)

749

Борбордук шайлоо комиссиясы Дүйшөнбек Зилалиевдин ачык үгүттөө аракети боюнча материалды Башкы прокуратурага жөнөтүү сунушун четке какты. Боршайкомдун төрайымынын пикиринде, анын үгүттөө аракети тастыкталган эмес. Бирок айрым мүчөлө мындай чечимге макул эмес. Себеби ал өзү талапкерлердин бирине добуш берүү керектигин айтканын мойнуна алган. Анын үстүнө анын сөздөрүндө кысым көрсөтүүнүн белгилери дагы бар. Бул фактыны терең иликтөөнүн ордуна, комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүгү жөн гана катуу дисциплинардык чара колдонуу керек дешет. Ошондой эле, жыйында Уламалар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловдун үгүт аракети да каралды. Бирок экс-муфтий бийлик партиясынан чыккан талапкерди колдогонуна карабай, эскертүү таптакыр башка талапкерге берилди.