Дүйшөнбек Зилалиевдин атын чыгарган кен кимге берилген? (видео)

591

Дүйшөнбек Зилалиевдин тушунда кен казууга эң көп лицензия берилген. Ал геология комитетин жетектеп турганда берилген уруксат документтери эгемен Кыргызстандын тарыхында таратылган лицензиялардын үчтөн эки бөлүгүн түзөт. УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловдун айтымында, учурда алардын мыйзамдуулугу текшерилип жатат. Акыркы он жылда геология мекемесинин 5 жетекчисине карата кылмыш иши козголгон.

Президенттин төрагалыгы алдында өткөн Коопсуздук кеңешинин отурумунда тоо-кен жаатындагы маселелер каралды. Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун айтымында, бул тармак мамлекеттин көзөмөлүнөн чыгып калган. Лицензия жазууда көп учурда мамлекеттин эмес, тар чөйрөнүн таасирлүү адамдардын кызыкчылыгына артыкчылык берилген.