Дүйшөнбек Зилалиевге катуу сөгүш берилди (видео)

859

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди жазалаганга эч бир орган даабай жатат. Башкы прокуратура аткаминердин аракетине укуктук баа берүүдөн баш тартты. Мындай жоопту көзөмөл орган жарандык активист Адил Турдукуловго жөнөткөн. Ал вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Баткен областынын активи менен жолугушуп жатканда КСПДнын талапкерине үгүттөгөнү үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылсын деген талап менен Башкы прокуратурага кайрылган. Ал эми премьер-министр кечээ араң Дүйшөнбек Зилалиевге катуу сөгүш берди. Тагыраагы, окуядан 15 күн өткөндөн кийин БШКнын сунушунан улам гана вице-премьер-министрге карата ушундай чечим кабыл алды. Муну менен Сапар Исаков орун басары мыйзамды одоно бузуп жатса дагы кескин кадамга бара албай, мококтугун көрсөттү, дешет эксперттер.