Дүйшөнбек Зилалиевге «жалган маалымат тараткан» деген айып тагылды

761

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге «террорчулук жөнүндө атайлап жалган маалымат тараткан» деген айып тагылды. УКМК кабарлагандай, мурдагы өкмөт мүчөсүнө карата козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, ага айыбы угузулган.

Зилалиев жана анын адвокаттары кылмыш ишинин материалдары менен таанышып бүткөн соң, ал Башкы прокуратурага, андан кийин сотко жиберилет. Ошондой эле, Дүйшөнбек Зилалиевден эч жакка кетпөө тууралуу тил кат алынды.

Эске салсак, былтыр 24-ноябрда Президенттин инаугурациясы болгон күнү мамлекет башчынын кортежи өткөн көчөгө «бомба коюлду» деген кабар тараган. Бул тууралуу милицияга ички иштер министрлигинин академиясынын курсанты кабарлап, жаш тартип сакчыга бул тууралуу 1532 ВК мамлекеттик номерлуу автомашинадан белгисиз бирөө билдиргенин айткан.

Кийинчерээк бул унаа Зилалиевге таандык экени аныкталган. Мурдагы аткаминер болсо, курсант кызга «формасы» тууралуу айтса, ал «бомба» деп угуп алганын айткан.