Дүкөндү тоногон куралчандар кимдер? (видео)

826

Бишкектеги дүкөндөрдүн бирине куралдуу кол салып, кассадагы акчаны тоноп кеткен кылмышкерлер кармала элек. Милиция учурда кылмышка шектүүлөрдү колго түшүрүү аракеттерин көрүп жатыптыр. Эске салсак, 27-апрелден 28ине караган түнү Бишкектин 12-кичи районунда жайгашкан соода жайына тапанча менен куралданган кара беткап кийген эки адам кирип келип, сатуучу менен күзөтчүнү коркутуп-үркүтүп акчаны алып кетишкен.

Бул боюнча кылмыш-жаза кодексинин «каракчылык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Ал эми окуя видео байкоо камераларына түшүп калгандыктан, тасманы карап чыккандар «кылмышкерлер бул жакты жакшы билгендер болушу мүмкүн» деп болжошууда.