Дүкөндү жардырам деп коркуткан киши кармалды (видео)

1076

Түн ортосунда дүкөндү жардырам деп коркуткан 31 жаштагы киши кармалды. Борбор калаадагы супермаркеттердин бирине сакалчан киши кирип келип, террордук акт жасаарын айтып, ызы чуу салган. Милиция кызматкерлери аны кармаган учурунда, жанынан эч кандай жардыргыч зат табылган эмес. Ал көрсөтмөсүндө мас болгондуктан кылган ишине жооп бере албай калганын билдирген. Териштирүү учурунда бул киши «Йакын Инкар» экстремисттик тобунун мүчөсү экени аныкталган. Эскерте кетсек, Кыргызстанда аталган диний агымдын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.