Душанбе шаарында КМШ лидерлеринин саммити болуп өттү

716

Ага Россиянын, Беларустун, Азербайжандын, Армениянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Кыргызстандын жана Молдованын президенттери катышышты.

Түркмөнстандын башчы Гурбангулы Бердымухамедов Нью-Йоркто өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясында болгондуктан саммитке катыша албай калса, Украинанын президенти Петр Порошенко белгисиз себептер менен Душанбеге келген жок.

Отурумдун жүрүшүндө, уюмдун былтыркы жылкы иштеринин жыйынтыгын чыгарылып, келечек пландары талкууланды. 2020-жылы белгилене турган Улуу Ата мекендик согуштун 75 жылдыгын майрамдоого даярдыктар тууралуу да сөз болду.

Жыйындын сонунда көп тараптуу документтерге кол коюлуп, кийинки жылы Шериктештикте төрагалык кылуу Түркмөнстанга өткөрүлүп берилди.