Душанбеде кыргыз-тажик чек ара маселеси талкуунды (видео)

848

Президент Сооронбай Жээнбеков расмий иш сапары менен Душанбеге учуп барды. Мамлекет башчысын Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода ардактуу кароол менен тосуп алды. Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз делегациясы Дусти аянтындагы Исмаил Сомонинин эстелигине гүлчамбар койду. Андан соң, Кыргызстандын президентин Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон, Улуттун сарайында ардактуу кароолдун коштоосунда тосуп алды. Эки күндүк расмий сапар Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен өтүп жатат. Визиттин алкагында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык алаканы күчөтүү боюнча суроолор талкууланды. Эртең болсо президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын премьер-министри жана парламентинин спикерлери менен жолугушууларды өткөрөт.