Душанбеде ондогон үй-бүлө турак-жайсыз калды

801

Душанбеде 50дөн ашуун жашоочу үйсүз калды. Шаардык бийлик Шевченко көчөсүндөгү турак-жайларды түрттүрүүдө. Тургундар аларга башка батир же компенсация төлөнүп берилбегенин айтып даттанышууда.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү батирлерди ижарага алуу үчүн аларга акча, андан соң жаңы конуштардан үй берилерин билдирип, ага чейин жашоочулар тезирээк турак-жайларды бошотушу керектигин эскертүүдө.

Быйыл апрелде Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен Душанбе шаарынын мэри Рустам Эмомали Жогорку соттун жаңы имаратынын пайдубалын түптөө аземине катышкан. Шевченко көчөсүндө жайгаша турган объект үчүн 0,37 гектар жер бөлүнүп берилген. Он алты кабаттуу имаратты курууга бюджеттен 73 млн. 858 миң сомони (9 миллион тегереги) коротулат.