Дыйкандар айдоо аянттарын кыскартууга аргасыз болууда (видео)

1802

Чүйдө күзгү айдап себүү жумуштарын жүргүзүүдө күйүүчү майдын тартыштыгы байкалууда. Ошондой эле, үрөн менен жер семирткич жетишсиз болуп жатат деп дыйкандар нааразы.

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков болсо аталган область боюнча күзгү айдап себүүгө керектүү болгон каражаттардын тартыштыгы жок деп ишендирүүдө. Аткаминер талаа жумуштарынын кечеңдешин дыйкандарга жаңы талаптар коюлгандыгы менен түшүндүрүүдө. Күздүк себүүдө дыйкандардын дагы кандай көйгөйлөрү бар?