Дыйкандар эмне айдап, кандай өсүмдүктөрдү өстүрү керек? (видео)

1405

Айыл чарба тармагында эч кандай жылыш болбой, тескерисинче артка кетти. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, 2014-жылы аталган тармактын ички дүң өндүрүмдөгү үлүшү 14 пайыз болсо, өткөн жылдары бул көрсөткүч дээрлик 4 пайызга төмөндөп кеткен.

Буга улай, дыйкандар дагы айдоо аянаттарын иштетүү, киреше алып келбей калганын билдиришүүдө. Айтымдарында, жаз-жай дебей каражанын карч уруп иштегендери менен түшүмдөрүн сата албай, мээнети акталбай калууда. Адистер болсо айыл чарба продукцияларын өстүргөндөр жылдан-жылга азайып барууда, деп коңгуроо кагышууда.