Дыйкандар кант кызылчасын өткөрө албай убара (видео)

1855

Дыйкандар кант кызылчасын өткөрө албай суткалап кезек күтүп кыйналууда. Чүй-Токмок кабыл алуучу жайында эле 300дөн ашуун жүк ташуучу унаа топтолгон. Бул жерге чогулган карапайым эл кабыл алуучу жай күнү-түнү иштегенде мындай маселе жаралбайт болчу, деп нараазы. Анын үстүнө, техниканын бузулуп жатканы да жумушту жайлатып жатыптыр. Дыйкандар кезектин көптүгүнөн улам талаада жаткан  калган түшүмдү жыйноого жетишпей калабыз, деп кооптонушууда. Кант кызылчасы кар алдында калуу коркунучу бар. Бул жыйым-теримди оорлотуп, ашыкча каражатты талап кылат.