Дыйкандар үчүн арзандатылган насыя баарына жетеби? (видео)

2324

Быйыл жазгы айдап-себүүдө дан эгиндеринин үрөнүнүн таңсыктыгы 50 пайызга жетүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Ага ылайык, өлкө боюнча 45 миң тоннадай үрөн керек болсо, учурда Россиядан 25 миң тоннасы гана алынып келген. Ал эми азыркы тапта жазгы талаа иштерине кирише баштаган дыйкандар бир топ көйгөйлөрү менен бөлүшүүдө.

Айтымдарында, күйүүчү-майлоочу майдын, жер семирткичтин кымбаттыгы кендирди кесип жатыптыр. Көпчүлүгү быйыл бериле турган арзандатылган насыяга үмүт артышууда. Бирок аткаминерлер ал каражат дагы баарына жетпейт деп билдиришүүдө.