Дыйкандардан үрөн үчүн кошумча нарк салыгы талап кылынууда (видео)

2935

Өлкөдө жер семирткич жана үрөн менен камсыз кылууда таңсыктык башталды. Мындан нааразычылыгын билдирген дыйкандар Айыл чарба министрлигине кайрылышууда. Айтымдарында, бул көйгөй жакын арада чечилбесе күздөгү түшүмдөн куру жалак калуулары толук мүмкүн.

Буга чейинки жылдары үрөн жана жер семирткичтерди февраль айында эле сатып алып коюшса, быйыл ал кечиктирилип жатыптыр. Буга чет өлкөдөн импорттолчу үрөнгө 12 пайыз кошумча нарк салыгы киргизилгени себеп болууда, — дешет багбандар. Айыл чарба министрлиги болсо салыктын бул түрү өткөн жума күнү эле жокко чыкканын билдирди.