Дыйкандарды дүрбөлөңгө салган токтомдор (видео)

2663

Жазгы талаа иштери башталганда дыйкандар күйүүчү-майлоочу май тартыштыгынан кыйналышы мүмкүн. Анткени вагон жок деген жүйөө менен Россиядан бензин менен дизель ташылып келбей жатыптыр. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл өкүлдөрү айтып чыгышты.

Анда министрлер кабинетинин төрагасынын катышуусунда жазгы талаа иштери боюнча даярдыктар тууралуу маалыматтар берилди. Анда көпчүлүк эл өкүлдөрүн сугат суу маселеси да кызыктырды. Анткени былтыр бул жаатта бир топ көйгөйлөр жаралып, өзгөчө Чүйдүн айдоо талаалары куурап калган. Бул өз кезегинде багбандардын бир топ чыгымга учурашына алып келген.