Дыйкандардын көйгөйлөрү (видео)

725

Дыйкандарга жардам бере албаган Айыл чарба министрлиги жок дегенде аларга тоскоолдук жаратпашы керек. Өкмөттүн Евразия экономикалык биримдигине шайкеш келтирүүгө багытталган мыйзам долбоору депутаттар тарабынан катуу сынга кабылды. Документке ылайык, ЕАЭБге мүчө болгон өлкөлөрдөн үрөн жана көчөттөрдү алып кирүүдө атайын уруксат алуу тартиби жоюлат. Бирок биримдикке кирбеген башка өлкөлөрдөн келген ушундай эле товарлардын сертификаттары текшерилет экен.

Өкмөттүн мындай сунушу депутаттарга жаккан жок. Алардын пикиринде, бул аракет айыл-чарба тармагында бир топ көйгөйлөрдү жаратышы ыктымал. Дегеле өлкөнүн дыйканчылык чөйрөйсүндө мындан башка дагы чечилбей жаткан бир топ маселелер бар экени айтылды.