Дыйкандардын түшүмүн талкалаган газ куурлар (видео)

706

Кадамжай районунда жер астындагы газ куурларын казып алуу дыйкандардын көп жылдык эмгегин жок кылганы жатат! Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн тургундары “Интергаз” ишканасына нааразылыгын билдирип, жогорку бийликтегилерге жардам сурап кайрылышты. Анткени аталган жеке компания дыйкандардын үлүш жерлерин аралап өткөн газ куурларын казып алып жатышыптыр. Бул иштердин натыйжасында, сугат суу каналдары да тосулуп, эгин таалаларына суу барбай, көчөттөр соолуй баштаган. Ишкерлердин бул аракети жергиликтүү тургундар менен макулдашылган эмес, дешет Кадамжайлыктар. Ал эми «Интергаздын» өкүлдөрү болсо, бул үчүн дыйкандарга компенсация төлөнгөнүн билдиришти. Бирок ал акча кайда экени белгисиз болуп жатат.