Дыйкандарга көйгөй жараткан таштанды (видео)

763

Түйшүк жараткан таштанды. Чүй областынын Пригородное айылынын тургундары алардын айдоо жерлери акыр-чикирге толуп калганын билдирип, даттанышууда. Айтымдарында, жергиликтүүлөрдүн үлүш жерлери таштанды полигонуна айланып баратат. Себеби түнкүсүн белгисиз адамдар келип, акыр-чикирлерин айдоо аянтына таштап кете беришет экен.

Бул көрүнүштөн жапа чеккен үлүш ээлери жергиликтүү бийликке бир нече жолу кайрылышкан. Бирок андан майнап чыкпай келет. Жазгы талаа иштеринин башталышы менен дыйкандарга кошумча түйшүк жаралып, таштандыдан арылуу үчүн алар күн сайын ишембиликке чыгууга мажбур.